Түркиянын Анталья шаарында өспүрүмдөр жана кыздар арасында өткөн дзюдо боюнча Европанын ачык кубогу жыйынтыкталды. Мелдешке 24 өлкөдөн 448 спортчу катышты.

Жекеме-жеке спорт түрлөрү боюнча ӨРАБӨМдүн тарбиялануучусу Акмаржан Турдажиева +70 кг салмак категориясында күч сынашып, күмүш медалга ээ болду. Ал жогорку деңгээлдеги даярдыгын, мүнөзүнүн бекемдигин жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөттү.

Бул жетишкендик – анын талыкпаган эмгегинин, спортко берилгендигинин жыйынтыгы.