Бишкек шаарындагы "Манка-Жар" коктусундагы дамбаны тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Шаардык кызматтардын адистери КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгы менен биргеликте суу сордуруу иштерин жүргүзүштү. Бүгүнкү күндө суунун деңгээли күн сайын текшерилип жатат.
Мындан тышкары, "Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасынын адистери Арча-Бешик конушундагы Азем көчөсүнөн Бердибаев көчөсүнө чейин жана "Манка-Жар" коктусуна чейин арыктарды тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Тазалоо иштерине 5 атайын техника тартылган.
Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар жааган жамгырдан улам “Манка-Жарга” жакын жайгашкан үйлөрдүн жашоочуларына коркунуч жаратпашы үчүн өткөрүлүүдө.
Буга чейин нөшөрлөп жааган жамгырдан улам "Манка-Жар" капчыгайындагы селден суу чыгып, натыйжада Арча-Бешик конушундагы көчөлөрдү жана үйлөрдү (акыркы үч жылда 240 үйдү) суу каптаган.