Бишкек шаарында "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жол кемчиликтерин жоюу иштерин жүргүзүүдө.

Чуңкурларды оңдоо иштери Васильевский тракт көчөсү Аска-Таш комплексинен Манас аэропортуна чейин түштүк тарабынан жүргүзүлгөн.

Бүгүн, 2025-жылдын 10-мартына карата адистер жолдун түндүк тарабындагы кемчиликтерди жаап жатышат.

Белгилей кетсек, буга чейинки иштер Жибек-Жолу проспектиси боюнча Манас проспектисинен Фучик көчөсүнө чейин, Фучик көчөсүнүн Аска-Таш комплексинен Чүй проспектисине чейин, Манас проспектисинин мамлекеттик резиденциядан Жибек-Жолу проспектисине чейин жүргүзүлгөн.