Бишкек шаарында мектеп лигасынын шаардык этабы боюнча шахмат турнири жыйынтыкталды. Райондук тандоодон өткөн мыкты командалар биринчи орун үчүн таймашты.
Турнирди Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти уюштурду.
Жаш шахматчылар жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүп, стратегиялык ой жүгүртүү, жеңишке болгон умтулуусун далилдешти.
Шаардык этаптын жыйынтыгы:
Кыздар арасында:
1-орун – №61 мектеби(Биринчи май району);
2-орун – №70 мектеби (Биринчи май району);
3-орун – №6 мектеби (Биринчи Май району).
Уулдар арасында:
1-орун – №61 мектеби (Биринчи май району);
2-орун – №62 мектеби (Октябрь району);
3-орун – №6 мектеби (Биринчи май району).
Биринчи орунду ээлеген командалар кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланып, бул алардын эмгегинин жана чеберчилигинин сыйлыгы болду.