2025-жылдын 11-мартында  турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде саат 9.00дөн 15:00 гө чейин ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Өчүрүү району:   Анкара көчөсү – Горький көчөсү, Аламедин суусу, темир жол тилкеси - Октябрь көчөсү  менен чектешет.

«ХБО» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу ичүүчү суу токтотулат.

«Бишкексууканал» МИси  келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.