Бишкек шаарынын мэриясы “Жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасы” долбоорун ишке ашырууга байланыштуу абалды түшүндүрөт.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасы пилоттук долбоорунун ишин текшерүү үчүн жумушчу топ түзүлгөн. Иш-чаранын жыйынтыгы укук коргоо органдарына юридикалык баа берүү үчүн жөнөтүлдү. Муну менен катар аталган компанияга суммасы 62 млн сом каражат төлөө чечимин токтотуу кабыл алынды.

Бишкек шаарынын мэриясы расмий канал аркылуу “Ситроникс” АКнын башкы подрядчысы тарабынан мыйзам бузууларды жоюу тууралуу нота жөнөтүлгөн.
Азыркы учурда, финансылык айырмачылыктан башка кемчиликтерди жоюу боюнча иштер жүрүп жатат.
Автоматташтырылган жол кыймылын башкаруу системасы долбоору шаардын инфраструктурасын модернизациялоо боюнча стратегиялык программанын бир бөлүгү болуп саналат жана коопсуз, натыйжалуу жана экологиялык транспорттук системасы бар акылдуу шаарды түзүүгө багытталган. Автоматташтырылган жол кыймылын башкаруу системасы долбоору шаар боюнча улантылат жана жайылтылат.  
Учурда Кореянын Эл аралык кызматташтык боюнча агенттиги (KOICA) менен биринчи этапта 2 млн $ жана экинчи этапта 8 млн $ суммасында техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүүдө.