Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Токтоналиев Ош, Баткен, Талас жана Жалал-Абад облустарына каттамдар каттаган убактылуу батыш автобекетинин аймагын текшерди.

Борбор калаа башчысы автобекеттин аймагын көрктөндүрүү иштери менен таанышып, айдоочулардын жана ижарачылардын көйгөйлүү маселелерин жана сунуштарын укту.

Калаа мэри Айбек Джунушалиев тиешелүү кызматтарга дренаждык иштерди жүргүзүүнү жана автобекеттин аймагына шагыл төгүүнү тапшырды.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына Ош базарынын жана эски батыш автобекетинин аймагында мыйзамсыз жүргүнчү ташыган таксисттерге тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.

Калаа башчысы Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен 100 дааналык оор жүк ташуучу унаалар үчүн аянтча уюштурулду.

Учурда аталган жерге күзөт посту орнотулуп, айланасына шагыл төгүлдү. Аба ырайынын ыңгайлуу шарттары келгенде унаа токтоочу жайга асфальт төшөлөт. Келечекте мекемеде май алмаштыруу, унаа жуучу, вулканизация кызматтары, ошондой эле айдоочулар үчүн ашкана ачылат.

Белгилей кетсек, жаңы оор жүк ташуучу унаа токтотуучу жай күнү-түнү иштейт.

Учурда №13, №40, №19 жана №32 автобус каттамдары убактылуу батыш автобекетине каттайт.