«Манас» КТУнун Маданият борборунун жыйындар залында Бишкек шаарынын 2025-жылга бюджетинин долбоору боюнча шаардык бюджеттик угуулар болуп, ага шаар тургундары, муниципалитеттин жетекчилери, ошондой эле Бишкек шаарынын шаардык жана райондук кызматтарынын өкүлдөрү чакырылды.
Бюджеттик угуулар Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиевдин төрагалыгы астында, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарларынын жана бюджеттик комиссиянын төрагасынын катышуусунда өттү.
Мэр Айбек Джунушалиев борбор калаанын 2025-жылга бюджетинин долбоору менен тааныштырып, Бишкек шаары боюнча 2024-жылга иш жүзүндө 37 047,2 миллион сомдук киреше түшүп, план 101,6%га аткарылганын баса белгиледи. 2023-жылга салыштырмалуу иш жүзүндөгү кирешелердин өсүү темпи 169,3%ды түзүп, 15171,0 млн сомго көп.
Бюджеттин аткарылышы ири социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууга мүмкүндүк берди:
- 2024-жылы 6 негизги жол оңдолуп, 785 автобус сатылып алынган;
- Ала-Тоо аянтын реконструкциялоо жүргүзүлдү, флагшток жаңыланды, «Алга» спорт комплекси жана башка объектилер оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү;
- муниципалдык ишканаларга 222 даана атайын техника сатылып алынды;
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 23 миллиард 625,6 миллион сом деп болжолдонууда.
Бюджеттик каражаттар жол-транспорт инфраструктурасын, коммуналдык тармактарды жакшыртууга жана курууга, капиталдык оңдоого жана жаңы социалдык объектилерди курууга, райондордун аймактарын көрктөндүрүү жана жашылдандырууга, ошондой эле башка социалдык маанилүү долбоорлорго жумшалат.
Угуунун жүрүшүндө шаар тургундары кызыккан суроолорун берип, муниципалдык өкүлдөрдүн жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынан жоопторду алышты.