Бишкек шаарында 2025-жылдын 15-мартынан 17-майына чейин борбор калаанын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча эки айлык жарыяланды.

Бишкек шаарынын инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу, аймагын көрктөндүрүү максатында эки айлык жарыяланды.

Ошондой эле, менчигинин түрүнө карабастан уюмдарды жана мекемелерди, ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдө жана жеке турак жайларда жашаган жарандарды ишембиликтин алкагында көчөлөрдү тазалоого жана көрктөндүрүү иштерине катышууга чакырабыз.

2025-2026-жылдарга Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча штаб түзүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу аймактык бөлүмдөргө жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге күчөтүлгөн режимде ишти уюштуруу тапшырылды.

Административдик райондордун башчыларына МАБ менен биргеликте бардыгына бөлүнгөн аймактар, анын ичинде ААР алкагында кошулган жаңы аймактар менен тааныштыруу тапшырмасы берилди.

Муниципалдык инспекцияга жана шаардык чарба департаментине  бекитилген аймактардын абалына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу милдеттендирилди.

"Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасына жалбырактарды, бутактарды өз убагында алуу, бак-дарактарды отургузуу жана ирригациялык тармактарды тазалоо иштерин уюштуруу, ал эми "Тазалык" ишканасына шаар көчөлөрүн тазалоонун сапатына көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды.

Мындан тышкары, шаардагы сейил бактарды, скверлерди, бульварларды, эс алуу жайларын өз убагында санитардык тазалоо жана талаптагыдай кароо, ишембиликтен кийин таштандыларды, жалбырактарды, бутактарды чыгаруу тапшырмасы берилди.

Өз кезегинде Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы мекеме-уюмдардын жанаша жайгашкан, белгиленген жана бекитилген аймактарды тазалоо иштерине көзөмөл жүргүзөт.

Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер! Бишкек шаарынын мэриясы бардыгын борбор калааны көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш-чараларга катышууга чакырат!