«Айданек» балдарды реинтеграциялоо борборунда Эл аралык аялдар күнүнө арналган майрамдык иш-чара өттү.
Борбордун тарбиялануучулары жана кызматкерлери жылуулукка, кубанычка жана ыраазычылыкка толгон жаркын программаны даярдашты. Майрамдын алкагында балдар апаларга, чоң энелерге жана мугалимдерине арнап ырдап, бийлеп, көркөм ырларды окушту.
«Айданек» балдарды реинтеграциялоо борбору Бишкек шаарындагы 3 жаштан 18 жашка чейинки кароосуз жана баш калкалоочу жайы жок, оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга социалдык, психологиялык жана баштапкы медициналык колдоо көрсөтөт.
Белгилей кетсек, борбордо өткөрүлгөн майрамдык иш-чаралар балдардын камкордукту, көңүл бурууну жана колдоону сезүүсүнө жардам берип, алар үчүн жылуу жана достук маанайын түзүүгө өбөлгө болот.