Муниципалдык инспекция чарба субьекттерден Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин сактоону талап кылат.

Инспекторлор ар бир унаа жуучу жайларды жана желимдөө пунктарын текшерип, жазма буйруктарды берүүдө.

Талаптарга ылайык ар бир субъекттин кызматкери тегерек четин таза кармоого, дөңгөлөктөрдү  жолдун четтерине үйүп салбоого милдеттүү.  

Мындан тышкары, тротуарга кардарлардын унааларын койдурбоо боюнча милдеттерилди, мындай көрүнүш шаарыбыздын тургундарынан нааразычылыктары себеп болууда.

Эгер эрежелерди сактабаган же бузган учурда, чарба субьектилерине Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык протоколдор түзүлөт.

Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин ар бир шаар тургуну жана уюмдар сактоого тийиш.