Бишкекте дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде уландар жана кыздар арасында дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилиги өттү.

Мелдешке Бишкек жана Ош шаарларынын командаларын кошкондо өлкөнүн бардык аймактарынан 300дөн ашык спортчу катышты.

Турнирдин максаты-дзюдону жайылтуу, дене тарбияны өнүктүрүү жана спортчулардын даярдык деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

Жыйынтыгында, спорттук күрөш боюнча ӨРАБӨМдүн тарбиялануучулары жогорку деңгээлде даярдыктарын көрсөтүштү жана 22 медаль утушту, алардын ичинен 5 алтын, 6 күмүш жана 11 коло.

Мелдештин жеңүүчүлөрү:
Мелис Данияр (90 кг) - 1 орун;
Полтушев Даут (100 кг) – 1 орун;
Турдаджиева Акмаржан (78 кг)- 1 орун;
Калыева Айдеми (+78 кг) – 1 орун;
Жолдошказиев Эмирхан (+100 кг) - 1 орун.

Күмүш медалдын ээлери:
Абдыров Абдурахман (60 кг) – 2 орун;
Амантурова Кыял (57 кг) – 2 орун;
Памиров Нурислам (90 кг) - 2-орун;
Исмагомбетов Фадиль (100 кг) – 2 орун;
Полтушев Данияр (+100 кг) - 2 орун;
Пан Евгений (73 кг) - 2 орун.

Коло медалдын ээлери:
Калыбеков Нурсултан (90 кг) - 3-орун;
Рысбек уулу Элхан (90 кг)- 3 орун;
Кожомбердиев Өмүрбек (100 кг) - 3-орун;
Сухинин Илья (+100 кг) - 3-орун;
Мазур Софья (52 кг) – 3 орун;
Болотбекова Каныкей (52 кг) - 3 орун;
Мазур Никита (73 кг) – 3-орун;
Нурумбетова Айсара (57 кг)- 3-орун;
Сайдакматова Айдай (78 кг)- 3 орун;
Хайдарова Бактыгул (78 кг)- 3-орун;
Кубанычбек Нургазы (60 кг) - 3 орун.

Мындан тышкары, "Олимп" ӨРАБӨМдүн төрт спортчусу турнирде байгелүү орунга ээ болушту:
Орозмаматов Адис — 1 орун (66 кг);
Анарбаев Мусулманбек — 1 орун (60 кг);
Иброхимжон уулу Мухамадали-3 орун (60 кг);
Осмонов Байаким-3-орун (+100 кг).

Мыкты жыйынтыктар спорттук күрөш боюнча ӨРАБӨМдүн жана "Олимп" ӨРАБӨМүнүн дзюдочулары өздөрүнүн кесипкөйлүгүн жана өжөрлүгүн ырастоо менен жогорку деңгээлди сактап кала беришкенин көрсөттү.

Турнир мындан аркы республикалык жана эл аралык мелдештерге даярдануу үчүн маанилүү этап болду.