2025-жылдын 25–30-апрель күндөрү Бишкекте Үчүнчү Ачык Бишкек Дельфий оюндары «Дельфий Бишкек! Катыш, Сынап көр, Жеңишке жет!» ураанынын алдында өтөт. Бул чыгармачыл мелдешке Кыргызстандын 7 облусунан, Бишкек шаарынан жана чет өлкөлөрдөн келген 7 жаштан 25 жашка чейинки таланттуу балдар жана жаштар катышат.

Оюндун уюштуруучулары: Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын Дельфий комитети.

Дельфий оюндары – бул искусствонун Жогорку форуму катары өнүктүрүүгө, улуттук маданияттарды сактоого жана өнүктүрүүгө, маданияттар аралык диалогду чыңдоого, КМШ өлкөлөрүнүн байланышын бекемдөөгө жана жаш маданият ишмерлеринин кесиптик өсүшүнө колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Оюндун программасы 14 конкурс номинациясын, алар элдик, классикалык жана заманбап искусство багыттарын өзүнө камтыйт: классикалык гитара, классикалык бий, көркөм сүрөт искусствосу, эстрадалык ырдоо, элдик ырдоо, көркөм окуу, элдик кылдуу жана урма аспаптар, элдик үйлөмө аспаптар, фотография, мобилография, тележурналистика, кол өнөрчүлүк, Ди-джей, парадельфий номинациясы – «Хореографиялык искусство».

Үчүнчү Ачык Бишкек Дельфий оюндары – 2025 - жаш таланттар үчүн өз өнөрүн көрсөтүүгө, чыгармачыл дараметин ачууга жана кесиптик өсүшүнө мүмкүнчүлүк берген уникалдуу аянтча болуп саналат. Борбор калаанын башкы маданий окуясына кошулуңуздар!

Толугураак маалымат алуу үчүн төмөнкү байланыш номерлерине кайрылсаңыз болот:
Бапанова Зулайка Коногалиевна – Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын түзүмдүк бөлүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси, +996 700 920 460, эл. почта: kultura-2022@mail.ru
Масиевская Татьяна Витальевна – Кыргыз Республикасынын Дельфий комитетинин аткаруу комитетинин төрайымы, +996 555 941 204, эл. почта: masievskaya@list.ru
Шафикова Вероника Гуммаровна – Оюндун номинацияларын координациялоочу, +996 557 797 983, эл. почта: artshcool4@mail.ru
Кудрявская Екатерина Валерьевна – Оюндун жооптуу катчысы, +996 555 408 426, эл. почта: kgdelphic@mail.ru

Каттоо үчүн электрондук почта: delphickg2015@mail.ru
Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайты: www.bishkek.gov.kg

Оюндун программалык талаптары тиркелет.

Үчүнчү Ачык Бишкек Дельфы оюндарынын программалык талаптары 2025

Үчүнчү Ачык Бишкек Дельфы Оюндарынын Программалык талаптарына карата №1 Тиркеме Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Талас облустары

№ 2 Тиркеме (жеке катышуучулар үчүн)