Бүгүн, 2025-жылдын 3-мартында Борбор калаада шаардык мэрияга караштуу муниципалдык ишканалардын айдоочулары үчүн жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча жыйын өттү.
Жыйынга Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары Жамалбек Ырсалиев жана Рамис Алиев, КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Авазбек Досов, ЖКККББнын техникалык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Аким уулу Мирлан, ошондой эле коопсуздук бөлүмүнүн өкүлдөрү, автоколонналардын жетекчилери жана муниципалдык ишканалардын айдоочулары катышты.
Жолугушуу учурунда муниципалдык ишканалардын айдоочулары тарабынан жол эрежелерин сактоо, жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин аткаруу жана коомдук транспорттун аялдамаларга туура токтоосу боюнча маселелер талкууланды.
Жыйындардын негизги максаты – айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатуу жана шаарда жол кырсыктарын азайтуу болуп саналат. Жыйынтыгында айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү жана жол эрежелерин так сактоо боюнча тапшырмалар берилди.
Жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында шаар тургундары жана айдоочулар менен түшүндүрүү иштери улантат.