Бүгүн, 2025-жылдын 3-мартында, Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргызстандагы аялдар кыймылынын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын «Аялдар комитети» коомдук бирикмеси Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте уюштурду.
Майрамдык иш-чарага өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы Аялдар комитеттеринин төрайымдары жана мүчөлөрү, кесиптик кошуундардын лидерлери, мамлекеттик жана жеке сектордун өкүлдөрү, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер катышты. Алардын арасында Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын губернаторлорунун орун басарлары, райондук администрациялардын жетекчилери жана коомдук ишмердүүлүктө активдүү айымдар бар болду.
Иш-чаранын алкагында өлкөнүн өнүгүшүнө зор салым кошкон аялдарга сыйлыктар тапшырылып, куттуктоо сөздөрү айтылды. Салтанатта Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакова, Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, Бишкектеги Эл аралык аялдар клубунун президенти Элейн Ведраско жана «КР Аялдар комитети» коомдук бирикмесинин төрайымы Чынара Майтикова сөз сүйлөдү.
Кыргызстандагы аялдар кыймылынын 100 жылдык мааракеси ар кандай тармактарда иш алып барган аял-лидерлер үчүн тажрыйба алмашуу жана кызматташууну чыңдоо аянтчасына айланды. Иш-чарада аялдар кыймылынын бир кылымдык тарыхындагы жетишкендиктер, ошондой эле аялдардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүү, социалдык коргоо жана тең укуктуулук маселелери талкууланды.
Салтанаттуу иш-чара борбор калаанын чыгармачыл жамааттарынын катышуусундагы концерттик программа менен жыйынтыкталды.