Бишкек шаарында «Газпром балдарга» спорттук комплексинин базасында эркектер жана аялдар арасында Кыргыз Республикасынын армрестлинг жана параармрестлинг боюнча чемпионаты өттү.
Турнир өлкөнүн бардык аймактарынан 700дөн ашуун күчтүү спортчуларды чогултуп, алардын жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана чемпиондук наам үчүн болгон кызуу күрөшүн көрсөттү.
Теннис, паралимпияда жана күч талап кылган спорт түрлөрү боюнча ӨРАБӨМдүн тарбиялануучулары мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, 22 медаль жеңип алышты. Анын ичинен 12си алтын. Бул жеңиштер алардын чеберчилигинин жана жеңишке болгон өжөрлүгүнүн айкын далили болду.
Биздин спортчулардын жеңиштери:
•Токтосун уулу Бекболсун – 60 кг салмак категориясында (туруп) эки жолку чемпион (сол жана оң кол);
•Камчыбек уулу Эрлан – 60 кг салмак категориясында (угуу) эки жолку чемпион;
•Прокопов Александр – 60 кг салмак категориясында (отура) сол колдо алтын, оң колдо күмүш медаль;
•Нурматов Евгений – +80 кг салмак категориясында (көрүү) абсолюттук чемпион;
•Таалайбек уулу Эрдик – 55 кг салмак категориясында (отура) эки жолку чемпион;
•Мырзабек уулу Жышанбек – 80 кг салмак категориясында (туруп) эки жолку чемпион;
•Рустамов Данияр – 55 кг салмак категориясында (туруп) сол колдо күмүш, оң колдо коло медаль;
•Жунусов Өмүрбек – +65 кг салмак категориясында (туруп) эки колдо тең коло медаль;
•Мусаев Белек – 90 кг салмак категориясында сол колдо алтын, оң колдо күмүш медаль;
•Воробьев Андрей – +100 кг салмак категориясында эки күмүш медаль ээси;
•Амантуров Нурэл – 65 кг салмак категориясында сол колдо күмүш медаль;
•Жамалидинов Ариет – 60 кг салмак категориясында оң колдо коло медаль.
Жалпы медаль эсеби: 12 алтын, 6 күмүш, 4 коло медаль.
Бул чемпионат кыргызстандык спортчулардын жогорку деңгээлдеги даярдыгын, алардын чеберчилигин жана жеңишке болгон умтулуусун дагы бир ирет тастыктады. ӨРАБӨМдүн тарбиялануучулары күчтүү атаандаштарынын катарында өз позицияларын бекемдөө менен бирге, жаш спортчуларды жаңы жетишкендиктерге шыктандырды.