Бишкек шаарынын "Новопавловка" МАБнын аймагындагы №118 мектепке кубаттуулугу 360 кВт болгон 18 бирдик жылуулук насостору орнотулду.

Бүгүн, 2025-жылдын 27-февралында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Талайбек Байгазиев жана "Бишкекжылуулукэнерго" муниципалдык ишканасынын директору Улан Айтиев жаңы коюлган жабдууларды текшерди.

Иштер, борбор калаадагы экологиялык абалды жакшыртуу жана абанын булгануусун азайтуу боюнча иш-чаралардын алкагында жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, жылуулук насостору электр энергиясын жылуулук менен камсыз кылуу системасында натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Жылуулук насосторун колдонуу маанилүү артыкчылыктарынын бири болуп саналат. Негизинен, жылуулук насосунда керектелген электр энергиясы төмөнкү отундарды алмаштыра алат: көмүр, жаратылыш газы жана суюк отун.

Бул жылуулук насостор "Бишкекжылуулукэнергонун" отканаларына биринчи жолу орнотулууда. Азыркы учурда шаардын билим берүү уюмдарындагы төрт отканага 48 бирдик жылытуучу насостор орнотуу стадиясында.