Бишкек шаарында “100 өнөр жай ишканасы” долбоорунун алкагында Ленин районунун аймагында «Полибетон» ААКсынын кондитердик фабрикасынын курулушу улантылууда.
Ленин администрациялык району боюнча муниципалдык администрациянын өкүлдөрү ишканага барып, курулуштун жүрүшү менен таанышты.
Бүгүнкү күндө, объектинин курулуш иштери 95% бүткөрүлдү. Фабрикага өндүрүштүк жабдуулардын жана өнөр жай эмеректеринин биринчи партиясы жеткирилди.
Белгилей кетсек, толук өндүрүштүк кубаттуулукка жетүү менен кондитердик фабрика суткасына 20 тоннага чейин даяр ун азыктарын чыгара алат.
Ишкананын кызматкерлерине жагымдуу жана ыңгайлуу шарттар түзүлүп, 150 адам жумуш менен камсыз боло алат.
Учурда фабриканы көрктөндүрүү жана техникаларды сыноо иштери жүрүп жатат.