Бишкекте стол тенниси боюнча шаардык турнир болуп өттү, анда борбордун ар кайсы райондорунан 16 команда катышты.

Жалпысынан 64 жаш спортчу күч сынашып, чеберчилигин, чыдамкайлыгын жана мүнөзүнүн бекемдигин көрсөттү. Катышуучулар шаардагы мектептер арасында өткөн райондук этаптардын жыйынтыгы боюнча тандалып алынган.

Турнирди Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти уюштурду. Башкы максат – мектеп окуучулары арасында стол үстүндөгү теннисти өнүктүрүү, сергек жашоо образын жайылтуу жана мыкты оюнчуларды аныктоо.

Мелдештин жыйынтыгы (уландар арасында):
1-орун – №65 мектеп (Свердлов району);
2-орун – №95 мектеп (Ленин району);
3-орун – №71 мектеп (Октябрь району).

Кыздар арасында:
1-орун – №1 мектеп (Свердлов району);
2-орун – №95 мектеп (Ленин району);
3-орун – №84 мектеп (Ленин району).

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышты.

Стол тенниси – бул кызыктуу оюн гана эмес, ден соолукту чыңдоонун мыкты жолу. Бул турнир спорттук чеберчиликти көрсөтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк гана болбостон аны менен катар окуучуларды активдүү жашоого шыктандыруучу иш-чара болду.