Биринчи май районундагы №75 мектепте, райондук админстрациясынын башчынын орун басары Айнура Арстамбекованын төрагалыгы алдында жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү.

Иш-чарага райондун балдар иштери боюнча инспекциясынын башчысы, билим берүү башкармалыгынын башчысы, ошондой эле жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору жана директорлордун орун басарлары, социалдык педагогдор жана балдар иштери боюнча инспекторлор катышты.

Жыйындын жүрүшүндө мектептеги рэкет жана буллингге каршы күрөшүү, ошондой эле билим берүү мекемелериндеги коопсуздукту күчөтүү боюнча чаралар талкууланды. Айнура Арстамбекова жашы жете электер арасындагы укук бузуу маселесинин актуалдуулугуна жана натыйжалуу жыйынтыктарга жетүү үчүн ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү зарылдыгына басым жасады.

Жыйындын соңунда коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү жана балдардын укуктарын коргоо боюнча негизги чечимдер кабыл алынды. Негизги чараларга видеокамераларын инвентаризациялоо, өрт коопсуздугун камсыз кылуу, балдар инспекторлору үчүн кабинеттерди уюштуруу, "ишеним телефонун" калыбына келтирүү, окуучулардын психоэмоционалдык абалын көзөмөлдөө, ата-энелерге социалдык тармактардагы балдардын активдүүлүгүн көзөмөлдөп маалымат берүү, укук бузуулардын алдын алуу боюнча кеңештин ишин активдештирүү жана ата-энелер менен жолугушууларды өткөрүү кирет.