Бишкек шаарында Ленин райондук ИИБнин башчысы Азамат Байгазиевдин төрагалыгы астында жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча жыйын өттү.
Ленин районунун башчысынын орун басары, Ленин районунун прокурорунун орун басары, Ленин райондук ИИБнин башчысынын орун басары жана жеке менчик мектептердин жана бала бакчалардын өкүлдөрү катышышты.
Жыйындын негизги максаты өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча чараларды талкуулоо, укук бузуулардын себептерин аныктоо жана мамлекеттик түзүмдөрдүн, билим берүү мекемелеринин жана ата-энелердин өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу стратегиясын иштеп чыгуу болду.
Жыйындын соңунда, көзөмөлдү күчөтүү, ата-энелер менен, ошондой эле жашы жете электер арасында кошумча иш-чараларды өткөрүү жөнүндө чечимдер кабыл алынды.
Ошондой эле, жашы жете электердин арасында укук бузууларга себеп болгон факторлорду азайтуу максатында кызыктар тараптардын ортосунда тыгыз кызматташуу боюнча макулдашуулар түзүлдү.
Кабыл алынган чаралар өспүрүмдөрдүн коопсуздугун жогорулатууга жана алардын коомдо толук кандуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.