Бишкекте «Дзюдо» спорт комплексинин базасында жаш спортчулар арасында Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө арналган шаардык дзюдо турнири болуп өттү.

Мелдешке 2011-2012 жана 2013-2014-жылдары туулган жаш өспүрүм балдар жана кыздар катышты.

Турнир Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти, Жекеме-жеке спорт түрлөрү боюнча Олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби жана Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо федерациясынын Бишкек шаары боюнча өкүлчүлүгүнүн биргелешип уюштуруусунда өттү.

Жарыштын жыйынтыгы:

Кыздар арасында (48 кг):
1-орун – Грицкова А.
2-орун – Сатимбаева А.
3-орун – Каныбекова Д.
3-орун – Иманкулова А.

Уулдар арасында (42 кг):
1-орун – Насирбеков У.
2-орун – Адаминов Р.
3-орун – Жорготаев А.
3-орун – Кадырбаев М.

Жеңүүчүлөр кубок, медаль жана грамоталар менен сыйланышты.