Бишкекте мектеп лигасынын бадминтон боюнча шаардык этабы өттү. Мелдешке борбор калаанын жалпы билим берүүчү мектептеринен 16 күчтүү команда катышты.

Жеңиш үчүн 96 окуучу — 48 кыз жана 48 бала ат салышты. Ар бир команда райондук тандоо турларынан өткөн мыкты оюнчулардан түзүлдү.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти уюштурду.  Негизги максат – эң мыкты оюнчуларды аныктоо гана эмес, окуучуларга спортту жана дени сак жашоо образын сүйүү сезимин сиңирүү жана келечектеги чемпиондорду тарбиялоо.

Жарыштын жыйынтыгы:
Балдар арасында:
1-орун — №84 мектеп;
2-орун — №96 мектеп;
3-орун — №92 мектеп;
4-орун — №3 мектеп.

Кыздар арасында:
1-орун — №84 мектеп;
2-орун — №96 мектеп;
3-орун — №102 мектеп;
4-орун — №92 мектеп.

Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундардын ээлери кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышты.