Бүгүн, 2025-жылдын 26-февралында Бишкек шаарында мэрдин орун басары  Виктория Мозгачева жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын  башчысы Марсель Дөөталиевдин төрагалыгы алдында жаштар арасында мыйзамсыз баңги заттарын жүгүртүүгө байланышкан кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча координациялык кеңешме өттү.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык психиатрия жана наркология борборунун, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, Бишкеке ШИИБ жана Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү баяндама жасап, республикадагы, анын ичинде Бишкек шаарындагы баңгичиликтин абалы тууралуу айтып беришти.

Жолугушууда балдар жана жаштар үчүн баңгисиз коомду түзүү боюнча көйгөйлөр, чечүү жолдору жана милдеттери талкууланды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча мамлекеттик органдар менен активдүү иш алып барууда. Мектеп окуучулары жана алардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Кылмыштуулуктун алдын алуу максатында билим берүү мекемелеринин аймагынан тышкары жайгашкан мектеп окуучулары көп чогулган жерлерге камераларды орнотуу маселеси каралууда.

Жыйындын жыйынтыгында баңгиликти  жана жаштардын баңги кылмыштуулукка тартылышын алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чараларды күчөтүү, баңги каражаттарын, психоактивдүү заттарды, синтетикалык баңги заттарды колдонуунун зыяны жана тыюу салуусу, ошондой эле аптекадагы баңгичиликтин көйгөйлөрү жана жашы жете электердин баңги заттарды жайылтууга тартылышы боюнча калкка маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын активдештирүү тапшырылды. Ошондой эле, коомдук жайларда дары-дармектерди жарнамалоону жоюу боюнча иш-чараларды туруктуу негизде жүргүзүү жана жаштардын сергек жашоо образын үгүттөгөн спорттук жана маданий жайлардын санын көбөйтүү боюнча чараларды көрүү белгиленди.