2025-жылдын 1-мартынан тарта айрым автобустук каттамдардын кыймылы жарым-жартылай өзгөрөт.
Өзгөртүүлөр транспорт кызматтарын жакшыртууга, жол жүрүү убактысын кыскартууга жана жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугун жогорулатууга багытталган.
Ошентип, буга чейин “Сарбан айылы – Ак-Бата” конушу боюнча каттаган №23 маршруттук каттам акыркы аялдамасын өзгөртөт: “Ак-Бата” конушунун ордуна автобус эми “Алтын-Казык” конушуна чейин барат. Кошумчалай кетсек, Курманалиев көчөсүндөгү кыймыл Кыргызстан көчөсүндөгү кыймылга алмаштырылып, эми каттам Сарбан айылы – Алтын-Казык конушу боюнча каттайт.
Буга чейин «Алтын-Казык конушу– Поле Чудес конушу» маршруту боюнча каттап келген №17 каттамдын акыркы аялдамасы алмаштырылат: «Алтын-Казык» конушунун ордуна автобус эми «Красный строитель» конушуна чейин барат.
№17Т маршруту №77 деп өзгөртүлдү, себеби жүргүнчүлөр №17 жана №17Т каттамдарынын жүрүү схемаларын алмаштырып жатышат. Мурда №17Т каттамы "Булгаары” заводу – 12-кичирайон" багытында жүргөн. Эми бул каттам Курманалиев көчөсү аркылуу Ак-Бата конушуна чейин узартылып, №77 деген номер менен Ак-Бата конушу – "Булгаары” заводу – 12-кичирайону жаңы багытында жүрөт.