“Бишкек жылуулук электр борбору” муниципалдык ишканасы штаттык режимде иштеп жатат. Орточо электр кубаттуулугу - 450 МВт, отундун суткалык керектөөсү (көмүр) – 7,409 миң тонна.

Бүгүнкү күндө 8 отказан агрегаты, кайчылаш байланышы менен 4 турбиналык агрегат, №3 жана 4 блоктору иштеп жатат.

26-февралга карата ЖЭБдин кампасында калган отун -139 941 миң тонна көмүрдү түзөт.

Бул көлөм жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн жетиштүү. Жалпысынан көмүр 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилинин аягына чейин белгиленген график боюнча берилет.

Белгилей кетсек, Бишкектеги жылуулук электр борборунун туруктуу иштеши шаардыктардын жашоо шарттарын ыңгайлуу кылуу, кыш мезгилинде ишканалардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу жана борбор калаадагы экологиялык абалды жакшыртуу.

Бишкек ЖЭБи - Кыргызстандын түндүгүндөгү эң ири өндүрүштүк ишкана болуп саналат жана Кыргызстандын борборунун тургундарын жылуулук, электр энергиясы  менен камсыз кылууда негизги ролду ойнойт.