Шаардык кызматтар жана КР ӨКМнин башкармалыгы тарабынан "Маңка-Жар" коктусундагы селден коргоочу дамбаны тазалоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.
Бүгүнкү күндө суунун деңгээли көзөмөлгө алынды. Жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасында болжол менен 230 үй селден корголот.
Шаардык кызматтар жаан-чачын мезгилде жакын жайгашкан үйлөрдүн жашоочуларына коркунуч жаратпашы үчүн көлөмдүү иштерди аткарышты.
Буга чейин нөшөрлөп жааган жамгырдан улам "Манка-Жар" коктусунан суу ташкындап, натыйжада Арча-Бешик конушундагы көчөлөрдү жана үйлөрдү (100дөн ашык) суу каптаган.