Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан Муса Жалил көчөсү Будённый көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жүргүзүлгөн инвентаризациянын алкагында мыйзамсыз орнотулган объектилер аныкталды.
Түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, күркөлөрдү, контейнерлерди, тосмолорду демонтаждоо иштери башталды.
Бүгүнкү күндө 7 жеңил объектти алуу иштери жүргүзүлүп, калган 5 объектти демонтаждоо иштери уланууда.
Натыйжада 325 чарчы метр муниципалдык жер бошотулат.
Башкармалык мындан ары да муниципалдык жерлерди мыйзамсыз пайдаланууну аныктоо жана алдын алуу боюнча жигердүү иштерди жүргүзүп, бардык жарандарды жерди пайдалануу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого чакырат.