Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагында “Өспүрүм түн” рейддик иш-чаралары өткөрүлдү.

Алсак, жашы жете элек балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында муниципалдык администрация ИИБ, социалдык коргоо бөлүмү, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, муниципалдык аймактык башкармалыгы, мектеп жамааты, кварталдык, үй комитеттери менен биргеликте түнкү профилактикалык рейд өткөрүштү.

Рейддин жүрүшүндө түнкүсүн ата-энесинин же камкорчуларынын коштоосу жок жүргөн 15 жашы жете элек өспүрүм аныкталды. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 74- беренесинин  негизинде 11 жашы жете электин ата-энелерине протоколдор (административдик айыптар) түзүлдү. Жашы жете элек балдар ата-энелерине жана камкорчуларына өткөрүлүп берилип, балдардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Профилактикалык рейддер – бул балдарды жана өспүрүмдөрдү түнкүсүн көчөдө жүрүү менен байланышкан мүмкүн болуучу тобокелдиктерден коргоого багытталган иш-чара.

Эскерте кетсек, жашы жете электерге кечки саат 22:00дөн таңкы 6:00гө чейин чоңдордун коштоосу жок  коомдук жайларда жүрүүгө тыюу салынат.