2025-жылдын 20 - февралында саат 10:00 - 16:00 чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Өчүрүү району: Тыналиев көчөсү – Минжылкиев көчөсүнөн – Ахунбаев көчөсүнө чейин.
Ичүүчү сууну өчүрүү шаардык суу түтүк тармактарындагы иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.
«Бишкексууканал» МИси жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.