Бишкек шаарындагы №101 мектепте жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары арасында "Тил - достуктун ачкычы" сынагынын райондук этабы өттү.
Сынакка Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы № 41, 19, 24, 69 жана 49 мектептердин окуучулары катышты.
Сынактын максаты - ар түрдүү этникалык топтордун маданиятынын өзгөчөлүктөрү, алардын тарыхы жана каада-салттары менен тааныштыруу болду.
Катышуучулар ар кайсы улуттун тилдерин жана маданиятын терең билгендигин, ошондой эле көп тилдүүлүккө жана маданияттын ар түрдүүлүгүнө болгон чыныгы сый-урматын көрсөтүштү.
Сынактын жыйынтыгы боюнча, биринчи орунду жогорку деңгээлдеги даярдыгы жана чыгармачылыгын көрсөткөн №19 жалпы билим берүү орто мектеби ээледи.
Экинчи орунду №69 мектеп, ал эми үчүнчү орунду №49 жана №24 мектептер алды.