2025-жылдын 18 - февралында саат 10:00 - 15:00 чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Өчүрүү району: Жеңиш турак жай конушу

Ичүүчү сууну өчүрүү "Жеңиш" суу топтомосундагы жана  шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.

«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.