Урматтуу шаар тургундары, «Маевка» муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары!
2025-жылдын 1-мартынан тарта катуу тиричилик калдыктарын муниципалдык «Тазалык» ишканасы чыгара баштайт.

Ошондуктан, март айынан баштап таштанды чыгаруу кызматы үчүн акыны «Тазалык» ишканасына төлөөнү суранабыз.

Эске салсак, 2023-жылдын 31-январындагы Бишкек шаардык кеңешинин №67 токтомуна ылайык, «Тазалык» ишканасына катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн төлөм төмөнкүдөй бекитилген:
– ар бир адам үчүн 42 сом 23 тыйын (салыктар кошулган),
– пенсионерлер үчүн 23 сом 18 тыйын.

Ошондой эле, жашоочулар Ростовская көчөсү, 19Б дареги боюнча «Тазалык» ишканасына үйдө жашаган адамдардын так саны тууралуу маалыматты бериши керек.