Бишкек шаарында №17Т жаңы муниципалдык автобус каттамы иштей баштайт, ал ошол эле номердеги троллейбус каттамын алмаштырат.
Демек, 2025-жылдын 14-февралынан баштап мурда троллейбустар тейлеген каттам боюнча жаңы автобустар жүрө баштайт.
Белгилей кетсек, каттам 12-кичирайондон Булгаары заводуна чейин ("Дордой" базары) барат.