Бишкек шаарынын мэриясы «Бишкектеги аза кызматтарын көрсөтүү» муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтерин тактоого байланыштуу кырдаал тууралуу жарандарга маалымдайт.
«БАККА» муниципалдык ишканасы, ал сөөк коюуну уюштуруу менен гана чектелбестен, Бишкек шаарындагы бардык муниципалдык көрүстөндөрдү көрктөндүрүү жана коргоого да жооптуу. Административдик-аймактык реформаны ишке ашырууга жана шаардын чек арасын кеңейтүүгө байланыштуу ишкананын жоопкерчилигине кошумча аймактар киргизилген.
Учурдагы тарифтерди түзүү керектелүүчү материалдардын учурдагы наркын, кызматкерлердин эмгек акы фондусун, амортизациялык төлөмдөрдү жана муниципалдык көрүстөндөрдү кармоого кеткен чыгымдарды эске алуу менен жүргүзүлөт. Мында сөөк коюу үчүн жер тилкесинин баасы тарифке кирбейт, анткени Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сөөк коюу үчүн жер тилкелери жарандарга бекер берилет.
Учурдагы прейскурант жана көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери БАККАнын расмий сайтында, ошондой эле көрүстөндөрдүн аймагында жайгашкан маалымат такталарында жайгаштырылган.
Бишкек шаарынын мэриясы БАККАнын ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына так ылайык жүргүзүлүп жатканын баса белгилейт. БАККАнын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аракеттер же расмий прейскуранттар каралбаган акы төлөө талаптары аныкталган учурда жарандар бул тууралуу тиешелүү органдарга токтоосуз билдирүү сунушталат.