Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин буйругу менен №72 мектебиндеги окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзүлдү.
Бүгүн, 2025-жылдын 13-февралында жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен аталган мектептин директору Д.А.Назаркулова, директордун тарбия иштери боюнча орун басары А.Орозбаева, соц педагог М.Базарбаева, класс жетекчиси А.Каракойчиева функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотулушту.