Шаардык кызматтар тарабынан 2024-жылы жолдорду оңдоо боюнча аткарылган иштердин актысы текшерилүүдө.

Жолдордогу кемчиликтер аныкталган учурда, подряддык уюмдар кемчиликтерди жоюп жатышат.

Кемчиликтерди жоюунун жыйынтыгында жумушун сапатсыз аткарган уюмдар "кара тизмеге" киргизилип, аларга карата айып санкциялары колдонулат.

Бул багыттагы иш борбор калаанын жолдорун оңдоо иштери аяктаган учурдан тартып туруктуу негизде жүргүзүлүп келет.

Бүгүнкү күндө жол кемчиликтери аныкталган участоктордун бири Ауэзов көчөсү болуп саналат.

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы тарабынан 2024-жылдын 15-ноябрында "Чуйдорсервис" ЖЧКсына Ауэзов көчөсүндөгү бузууларды жоюу жөнүндө көрсөтмө берилген.

Жогоруда аталган подряддык уюм туруктуу аба ырайынын шарттарында жол кемчиликтерин жоюу боюнча кепилдик милдеттенмесин жазган.