Бишкек шаарында иш жүзүндө жашаган жарандардын санын тактоо максатында «Бишкекжылуулуктармагы», «Тазалык» жана «Бишкексууканал» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери тарабынан рейддер жүргүзүлүүдө.
Алсак, 2025-жылдын 29-январынан 10-февралына чейин «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында каттоодо турган 81 жашоочу ашыкча жашагандыгы аныкталган.
Белгилей кетсек, «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасынын абоненттеринин 68%ы ысык сууну эсептегичтер менен жабдылган. Андай аппараттары жок батирлер гана текшерүүгө алынат.
2025-жылдын 27-январынан 8-февралына чейинки рейддик текшерүүлөрдүн жүрүшүндө «Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан калктын маалымат базасы 158 адамга көбөйтүлгөн.
Өз кезегинде «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы 2025-жылдын 3-февралынан 7-февралына чейинки рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө ишкананын маалымат базасына өзгөртүүлөр киргизилип, калктын санын 171ге көбөйткөн.
Бул багыттагы иштер улантылат.