«Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынын техникалык базасы жаңыланды.
Алсак, 2024-жылы 39 даана атайын техника сатылып алынган, анын ичинде: 4 атайын автовышка, 4 суу ташуучу унаа, 5 борт платформалуу жүк ташуучу унаа, 1 манипулятор, 4 дубль-кабина, 13 самосвал, 3 экскаватор, 2 трактор жана 3 өзү жүрүүчү бакча чөп чапкыч.
Негизги сатып алуулардын бири заманбап самосвалдар болду, алар материалдарды ташуу көлөмүн жана ылдамдыгын бир топ жогорулатты. Бул технология шаардык инфраструктураны жакшыртууга байланыштуу логистикалык милдеттерди кыйла натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүндүк берет, ошондой эле таштандыларды ташып чыгаруу жана материалдарды жеткирүү процесстерин жакшыртат.
Сатып алынган жабдуулардын ар бир бирдиги заманбап коопсуздук стандарттарына жана экологиялык талаптарга жооп берет, бул аткарылган иштердин сапатын бир топ жакшыртат.
Белгилей кетсек, жаңы технологиялар ишкананын кызматкерлерине өз ишмердүүлүгүн натыйжалуу уюштурууга жана шаардын жашыл инфраструктурасын тейлөөнүн жогорку деңгээлин камсыз кылууга жардам берет.