Бишкек шаарында Б.Т. Турусбеков атындагы КМДТСАнын манежинде С. Жуманазаров атындагы ӨРАБӨМдүн жеңил атлетика боюнча өспүрүмдөр жана кыздар арасындагы ачык кышкы биринчилиги болуп өттү.

Жалпысынан мелдешке 350 спортчу катышып, алардын ичинен 220сы С. Жуманазаров атындагы ӨРАБӨМдүн жеңил атлетика бөлүмүнүн тарбиялануучулары болду.

Биринчиликке Чүй облусунун (Кант, Токмок, Кара-Балта шаарлары, Москва району), Талас облусунун, ошондой эле Каракол, Ананьево, Бишкек, Ош шаарларынын, Ноокат районунун жана Жалал-Абад облусунун спортчулары келишти.

Мелдештин негизги максаты — Бишкек шаарында жеңил атлетиканы өнүктүрүү жана жайылтуу, балдарды жана өспүрүмдөрдү спортко тартуу, катышуучулардын ден соолугун чыңдоо болду.

Жыйынтыгы боюнча биринчи орунду Бишкек шаарынын спортчулары ээлеп, 20 алтын, 19 күмүш жана 11 коло медаль утуп алышты. Экинчи орун Чүй облусуна, үчүнчү орун Жалал-Абад облусуна ыйгарылды.

Бул мелдеш жаш курактагы жеңил атлеттердин шыгын аныктоого жана алардын мындан аркы жетишкендиктерге болгон умтулуусун жогорулатуу.