Бишкек шаарында пилоттук долбоордун алкагында унааларга катализаторлорду орнотуунун натыйжалуулугуна баа берилүүдө. Бул жабдууларды Кытай Эл Республикасынын Циндао улуттук университети иштеп чыгып, сунуштаган.
Учурда эксперименттин алкагында 4 унаага катализаторлор орнотулду.
Белгилей кетчү нерсе, катализаторлордун иштөө мөөнөтү унаанын жүрүүсүнө жараша болот же тышкы факторлордун таасири астында аныкталат.
Учурда берилген катализаторлордун сапаты жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес, анткени жабдуулар сыноо стадиясында. Эксперимент аяктагандан кийин, алардын натыйжалуулугу жөнүндө так тыянак чыгарууга болот.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары,
экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин адистери газ анализатордун жардамы менен автотранспортторду каталитикалык конвертерлерди орноткондон мурун жана орноткондон кийин текшерип, бул аппараттардын абага чыгаруунун деңгээлинин таасирин баалоодо.
Белгилей кетсек, пилоттук долбоор борбор калаанын экологиялык абалын жакшыртуу жана абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча иш-чаралардын алкагында ишке ашырылууда.