«Тазалык» муниципалдык ишканасынын муниципалдык унаалары катуу тиричилик таштандыларын саат 00:00дөн 06:00гө чейин чыгарышат. Күндүзү унаалардын көптүгүнөн таштандыларды чыгаруу өтө кыйын.

Унааларын контейнерлердин жанына таштап кеткен көптөгөн айдоочулардын жоопкерчиликсиз мамилеси таштандыны өз убагында чыгарып кетүүгө жол бербейт.

Айдоочуларга эскерте кетсек, бүгүнтөн тарта унааларды убактылуу кармоочу жайга мажбурлап эвакуациялоо иштери жүргүзүлөт.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, унааларды контейнердик жайлардын жанына коюуга тыюу салынган. Бул атайын унаалардын таштанды челектерине өтүүсүнө жана катуу тиричилик калдыктарын белгиленген график боюнча ташып чыгууга бөгөт коёт.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын саат 19:00дөн 00:00гө чейин таштанды чыгарууга чакырат.