А. Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры көрүүчүлөрдү спектаклдерди көрүүгө чакырат. Программада үч спектакль бар, алардын ар бири өзгөчө, эмоцияга бай окуяны баяндайт.
14, 15, 16-февраль, саат 19:00
«Кош дегим келбейт» – Александр Володиндин «С любимыми не расставайтесь» чыгармасынын негизинде коюлган спектакль. Бул чыгарма – сүйүү, коштошуу жана тагдыр тууралуу терең ой жүгүртүү. Баш каармандар кыйын тандоонун алдында турушат. Спектаклдин режиссёру – Уланмырза Карыпбаев.
21, 22, 23-февраль, саат 19:00
«Манасчы» – Жусуп Мамайдын вариантындагы «Манас» эпосунун негизинде даярдалган драмалык баян. Бул спектакль кыргыз элинин улуу баатырдык тарыхын жана руханий мурасын ачып берет. Койулуш символизмге, сөздүн күчүнө жана байыркы эпостун улуулугуна жышталган. Режиссёру – Шамиль Дыйканбаев.
28-февраль, 1, 2-март, саат 19:00
Мария Ладо «Өтө жөнөкөй окуя» – адамдар менен жаныбарлардын тагдыры айкалышкан сахналык баян. Бул спектакль боорукердик, сүйүү жана жашоонун маңызы тууралуу ойлонууга түрткү берет. Көрөрмандарга түбөлүктүү баалуулуктарды жана күнүмдүк жашоодо унутулуп кала берген жөнөкөй чындыктарды эске салат. Спектаклдин режиссёру – Казакстан Республикасынын эл артисти Бекпулат Парманов.
Театр өнөрүн баалаган ар бир көрөрманды бул укмуштуу окуялардын күбөсү болууга чакырабыз!
Бардык суроолор жана толук маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон номерлерине кайрылсаңыздар болот:
+996 (312) 53-04-42, +996 (500) 20-10-67, театрдын кассасы: +996 (500) 201 067.