7-февралдан 9-февралга чейин Бишкектеги «Газпром-балдарга» ден соолукту чыңдоо комплексинде кадеттер, өспүрүмдөр жана жаштар арасында самбо боюнча шаар биринчилиги өттү.
Мелдешке борбордун ар кандай спорттук уюмдарынан 200дөн ашуун спортчу катышты.
Турнир шаардын спорттук жашоосундагы маанилүү окуя болуп, жаш жана келечектүү самбисттерди бириктирди. Үч күн бою катышуучулар чеберчиликтеринин жогорку деңгээлин жана жеңишке болгон эрктерин көрсөтүштү.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр жана байге ээлери медалдар жана дипломдор менен сыйланышты, ал эми чемпиондорго ардактуу кубоктор тапшырылды.
Турнирдин уюштуруучулары — Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти жана Кыргызстандын самбо федерациясы болду.
Бул турнир самбо спортун борбор калаанын жаштары арасында өнүктүрүүнүн жана колдоонун маанилүүлүгү баса белгиленди.