Бишкек жылуулук электр борбору муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерүү
Бүгүн, 2025-жылдын 9-февралында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы –Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында «Бишкек жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасынын учурдагы ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзулдү.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Бишкек жылуулук электр борборунун иши, анын өндүрүштүк кубаттуулугу, техникалык мүнөздөмөлөрү, учурдагы көрсөткүчтөрү жана оңдоо кампанияларынын 2025-жылдагы планы тууралуу кеңири маалымат берди.
Өзгөчө, учурдагы жүктөрдү көтөрүү жана борбор калааны туруктуу энергия менен камсыз кылуу, ошондой эле 2024-жылы жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаалдан кийин бүткөрүлгөн калыбына келтирүү иштери жөнүндөгү маалыматка көңүл бурулду.
Ошондой эле, 2024-2025-жылдардагы жылытуу мезгилинин жыйынтыктарын чыгаруу, көйгөйлүү маселелерди талдоо жана аларды жоюу чаралары, ошондой эле 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселелери боюнча жыйын өткөрүлдү.
Тактап айтканда, Бишкек шаарын газдаштыруу программасынын ишке ашыруунун алкагында жылуулук электр борборлору үчүн отун катары жаратылыш газын колдонуу үлүшүн көбөйтүү, ошондой эле, атмосферага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгуусун азайтуу жана түтүнгө каршы күрөшүү маселелери талкууланды.
Белгилей кетсек, Бишкектеги жылуулук электр борборунун туруктуу жана экологиялык жактан таза иштеши шаардыктардын жашоо шарттарын ыңгайлуу кылуу, кыш мезгилинде ишканалардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу жана борбор калаадагы экологиялык абалды жакшыртуу.