Бул долбоор Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен ишке ашырылып, анын алкагында борбор калаанын эки троллейбус депосунда электробустарды кабыл алууга инфраструктураны даярдоо боюнча реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Электробустар 2025-жылдын экинчи кварталында келиши күтүлүүдө.

Реконструкциянын алкагында заманбап электр кубатын заряддоочу жабдуулар орнотулуп, деполор электробустардын натыйжалуу иштеши үчүн ылайыкташтырылууда.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Бишкек шаардык кеңешинин токтомдоруна ылайык, Ош шаарына 100 троллейбус өткөрүлүп берилген.

Жалпысынан, троллейбус паркында 144 троллейбус болгон, учурда калган бөлүгү троллейбус депосунда капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын аймагына убактылуу көчүрүлдү.

Мындан тышкары, калган троллейбустарды электробуска айлантуу пландалууда.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэриясы өзүнүн милдеттенмелеринин алкагында троллейбустарды сатып алуу долбоору боюнча акыркы финансылык милдеттенмелерди ийгиликтүү аткарып, насыяны мөөнөтүнөн мурда төлөп бүтүргөнүн маалымдайбыз.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтында троллейбустардын аскердик полигонго убактылуу көчүрүлгөнү тууралуу маалымат берилген: https://bishkek.gov.kg/ky/post/30329.