Бүгүн, 2025-жылдын 7-февралында мэрдин орун басары Азамат Кадыровдун катышуусунда Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча  башкармалыгы түндүк айланма жолундагы  жеңил объекттерди демонтаждоо иштерин улантууда.

Азамат Кадыров түндүк айланма жолдун боюнда жайгашкан үйлөрдүн жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү.

Жыйында жол куруу зонасына түшүп калган объектилерди масштабдуу реконструкциялоо жана бузуу зарылчылыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мэрдин орун басары долбоордун ийгиликтүү бүтүшү үчүн аймакты тазалоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Бүгүнкү күндө 181 объект алынган, бул иштин биринчи этабынын олуттуу жылышынан кабар берет. Бардык иштер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жана ар бир жашоочунун кызыкчылыгын эске алуу менен жүргүзүлөт.