2025-жылдын 11-февралында саат 10:00дөн 20:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
* Скрябин - Абай - Радищев - Байтик Баатыр - Медеров - Абай - Тыныстанов - Медеров - Скрябин - Малдыбаев - Медеров - Байтик Баатыр.
Өчүрүү шаардагы таза суу тармактарындагы оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.
“Бишкексууканал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.