Акыркы убакта Бишкек шаарында балдар жана өспүрүмдөр тамаша иретинде же кызыгып, мамлекеттик мекемелерге, мектептерге, соода борборлоруна жана башка коомдук жайларга телефон чалып, жардыруу коркунучу бар деп кабарлаган учурлар катталууда. Мындай иш-аракеттер аларга тамаша сыяктуу көрүнөт, бирок чындыгында  бул  олутту оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Буга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү депртаменти, КР УКМК кызматкерлери жана  мектеп директорлору менен биргеликте жыйын өткөрдү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү баса белгилешкендей, террордук акт же коюлган бомба тууралуу жалган маалымат берүү жөн эле тамаша эмес. Бул Кылмыш-жаза кодексине кирген кылмыш. Мындай чакырыктар адамдардын массалык түрдө эвакуацияланышына, мекемелердин ишинин токтоп калышына, атайын кызматтардын жерине баруусуна жана олуттуу каржылык чыгымдарга алып келет. Мындан тышкары, мындай көрүнүштөр коомдо дүрбөлөң  жаратат.

Ата-энелер балдарына мындай “тамашалар” чыныгы көйгөйлөргө алып келерин түшүндүрүүлөрү зарыл. Чалуу тамаша үчүн жасалган болсо да, жоопкерчиликтен бошотпойт. Мындай аракеттери үчүн 16 жашка чыккан өспүрүмдөр кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн. Жаш балдар үчүн жоопкерчилик алардын ата-энелерине же камкорчуларына жүктөлөт.

Мындай аракеттер юридикалык кесепеттерден тышкары, үй-бүлөнүн аброюна олуттуу доо кетирип, айланасындагыларды стресске учуратып, атүгүл бирөөнүн өмүрүнө коркунуч келтириши мүмкүн. Анткени, реалдуу коркунуч жаралган учурда атайын кызматтар жалган чалууну текшерүү менен алек болушу мүмкүн, бул алардын реалдуу коркунучка ыкчам чара көрүүсүнө тоскоол болот.

Коопсуздук бул тамаша эмес экенин эстен чыгарбоо керек. Балдар алардын иш-аракеттеринин кесепеттери бар экенин түшүнүшү керек, ал эми ата-энелер балдарынын эмне кылып жатканын тыкыр көзөмөлдөп, мындай жүрүм-турумга жол берилбестигин түшүндүрүшү керек.