Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жана сапаттуу тейлөөнү камсыздоо максатында, муниципалдык транспорттун ар бир айдоочусу жумушка алынардан мурда үч этаптан турган окуудан өтөт.
Тестирлөө төмөнкү этаптарды камтыйт:
* Кесиптик чеберчилик – унааны башкаруу жана жол кыймылынын эрежелерин так билүү;
* Теориялык билим – транспорттук коопсуздук, техникалык тейлөө;
* Психологиялык даярдык – стресске туруштук берүү, жүргүнчүлөр менен сылык жана сыпайы мамиле түзүү.
Белгилей кетсек, бардык сыноолордон ийгиликтүү өткөн айдоочулар 56 сааттан 210 саатка чейинки стажировкага жөнөтүлөт.
Мындан тышкары, “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын коопсуздук бөлүмүндө 10 кызматкер эмгектенип, коомдук транспорттогу тартипти көзөмөлдөп, жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзөт.
Бардык айдоочулар жылына эки жолу – жыл башында жана жыл аягында милдеттүү түрдө кайрадан аттестациядан өтүп турушат.